• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ж.Абдрахмановдун бейнесине арналган көркөм тасманын мыкты сценарийине сынак жарыяланат

Маданият 0

Бишкек, 23.07.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти Жусуп Абдрахмановдун бейнесине арналган көркөм тасмасынын мыкты сценарийине сынак жарыялайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Сынактын максаты - кыргыз элинин чыгаан уулу, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Жусуп Абдрахмановдун Кыргызстандын түптөлүшүнө кошкон салымын эске алуу менен жаш муундарды патриоттуулук нукта тарбиялоо жана атуулдардын арасында патриоттук ойлорду, маданий баалуулуктарды даңазалоо болуп саналат.

Сынак 2 этапта өткөрүлөт:

1-этап: 2021-жылдын 15-октябрына чейин билдирмелер (сценарийлер) кабыл алынат;

2-этап: 2021-жылдын 15-ноябрына чейин атайын түзүлгөн комиссия тарабынан сынактын жеңүүчүсү аныкталат.

Сынактын жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлөргө министрлик тарабынан байге фонду каралган. Жеңүүчүлөр сценарийдин негизинде көркөм фильм тартуу үчүн автордук укуктарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине өткөрүп беришет.

Сынакка катышуунун шарттары:

1. Комиссиянын кароосуна толук сценардык пакетти камтыган сынактык билдирме тапшырылышы керек:

- сынактык билдирме,

- тасманын сценарийи,

- автордун резюмеси жана фильмографиясы.

2. Көркөм фильмдин сценарийинде оригиналдуу сюжет, сюжеттик багыттардын логикалык жактан өнүгүүсү болуш керек.

3. Сынакка катышуучулар тарабынан иштелип чыккан сценарийлердин мазмунунда төмөндөгүлөр болбошу зарыл:

- үчүнчү жактардын интеллектуалдык менчик объектилеринен көчүрүп алуу;

- баңгизаттарды, алкоголь ичимдиктерин, тамеки тартууну, дары-дармектерди, курал- жарактарды пропагандалоо (актоо) сюжеттери;

- конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, мамлекеттин эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн бузууга чакыруу;

- согушка, зомбулукка жана ырайымсыздыкка чакыруу;

- улуттук, этностук, расалык, социалдык, диний кастыкты тутандыруу;

- улуттук же тектик артыкчылыкты жана сабырсыздыкты үгүттөө;

- порнографиялык мазмундагы сценалар

ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен тыюу салынган же таркатууга чек коюлган маалымат материалдары.

4. Материалдар мамлекеттик же расмий тилдерде кабыл алынат.

5. Сынакка катышуучулар сценардык пакетти кагаз түрүндө 5 нускада жана электрондук форматта тапшырышат. Материалдардын кагаз түрүндөгү нускасы электрондук нускасына дал келүүсү зарыл.

6. Толук сценардык пакет конвертке салынып, чапталган түрдө берилет. Конверттин сыртында төмөндөгү маалыматтар болуш керек:

- катышуучунун аты жөнү (толук);

- электрондук дареги жана телефондору.

Байланыш: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти.

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Логвиненко көчөсү, 13.

Белги: «Жусуп Абдрахманов». Киносценарийлердин сынагына»

Тел.: 0312 301 042; 0312 300 265.

Пикир

Оставить комментарий