• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте экинчи эл аралык “Обон” музыкалык сынагы аяктады

Маданият 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Бишкекте "Обон" аттуу экинчи эл аралык музыкалык сынак жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр сыйланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сынакка Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын борбору жана облустарынан келген жаш таланттар катышкан.

Жыйынтыктоочу иш-чарага КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов катышуусунда өттү.

Келечектеги өнөр адамдарын тарбиялап жаткан музыкалык мектептин жетекчилигине ыраазычылык билдирүү менен, жаш өнөрпоздорго чыгармачылык ийгилик жана бекем ден соолук каалады.

Эске салсак, аталган сынакта 5 жаштан 15 жашка чейинки жаш аткаруучулар жана музыканттар пианинодо, кылдарда, үйлөмө жана улуттук аспаптарда ойногонду көрсөткөн.

Сынак быйыл экинчи жолу өтүп, уюштуруучулар Борбордук балдар музыкалык мектеби менен бирге Маданият министрлиги болду.

Пикир

Оставить комментарий