• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча көчмө семинар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Кодексинин долбоорун талкуулоо боюнча көчмө семинар өтүп жатат. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги (ЖӨБЭММА) билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чараны БУУӨПнын колдоосу менен ЖӨБЭММА уюштурган

"Кодексти иштеп чыгуу идеясы 2019-жылдын февраль айында өткөн "Кыргыз Республикасы: аймактык өнүктүрүү боюнча улуттук диалог" форумунда президент С. Жээнбеков тарабынан айтылган", - деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун Кодексин иштеп чыгуу жана кабыл алуу жылдар бою иштелип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун принциптерин жана жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмегин коргоп калууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ченемдерге тармактык мыйзамдардын ченемдеринин алдында артыкчылык берүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул болсо Кыргыз Республикасынын Конституциясы кепилдеген жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө ченемдердин толугураак турмушка ашырылышына түрткү берет.

Кодекс өкмөт тарабынан түзүлгөн жана Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри жетектеген ведомстволор аралык жумушчу тобу тарабынан иштелип чыгып жатат.

Кодекстин долбоорунун биринчи варианты 2020-жылдын 21-майына карата даярдалып бүткөн. Андан кийин Кодекстин долбоору коронавирус пандемиясына байланышкан аргасыз тыныгуулар менен эксперттик топто талкууланып жана толукталып иштелип келди.

Ошого карабастан бул иштердин жүрүшүндө так жооп алынбаган, чечилбей калган, уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Мамлекеттик кадр кызматынын, КР ЖӨБ Союзунун, КР СИУИ нун, Өнүгүү саясаты институнун, ЮСАИДдин “Ийгиликтүү аймак”, “Жарандардын үнү жана ЖӨБОнын отчеттулугу: бюджеттик процесс”, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу”, долбоорлорунун жетекчилери жана адистери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө адистешкен көз каранды эмес эксперттер чакырылган ушул семинардан жооп алгылары келишкен көптөгөн принципиалдуу суроолор калды.

Иштелип чыгып жаткан документ өтө татаал ченемдик укуктук акт болуп эсептелет жана мындай акт Грузия Республикасында гана кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий