• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРСУда “Ирандагы Нооруз” аттуу музыкалык-поэзиялык тегерек үстөлү өтөт

Маданият 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. Кыргыз-Россия Славян университетинде 17-мартта иран маданиятынын жумалыгынын алкагында дүйнө тилдери кафедрасы жана Иранистика борбору “Ирандагы Нооруз” аттуу музыкалык-поэзиялык тегерек үстөл өткөрөт. Бул тууралуу аталган ЖОЖдун басма сөз кызматы билдирди.

Перс бөлүмүнүн студенттери бул майрамдын тарыхы, Нооруздун жөрөлгөлөрү жана салттары тууралуу айтып беришет. Жаз тууралуу ырлар, музыкалык-хореографиялык чыгармалар жаңырат. Мындан тышкары, “Хафт син” салттуу майрамдык үстөлү жасалып, анда жаратылыштын ойгонушун жана жашоонун уланышын билдирген “с” дан башталган 7 зат коюлат.

Тегерек үстөлгө Ирандын КРдагы элчиси Али Хакимпур жубайы менен, КРСУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы, профессор С.Ф.Усманов, КРСУнун эл аралык байланыштар башкармалыгынын башчысы Ю.И.Калюжная, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин профессорлору, окутууччулары жана студенттери катышат.

Пикир

Оставить комментарий