• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму 17-майда өтөт

Коом 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн.

Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлдү.

Ал бир ай ичинде депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш.

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирди.

«КТ Мобайл» - «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.

Көп өтпөй Интернетке «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев бул маалыматты четке кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында билдирген.

Пикир

Оставить комментарий