• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нур-Султанда көп балалуу энелер кайрадан нааразылык акциясына чыгышты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 16.05.19 /Кабар/. 16-майда ондогон көп балалуу жана жалгыз бой энелер шаардык акимчиликке келип, социалдык абалдарын жакшыртууну талап кылышты. Чогулгандар көп балалуу энелерди турак-жай менен камсыздоо боюнча өкмөт сунуштаган программа натыйжасыз экенин билдиришти. Алар үй баштапкы төгүмсүз жана банктык комиссиясыз берилиши керек деген пикирде.

Көп балалуу энелер өткөн айда өз сунуштарын Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге жана премьер-министр Аскар Маминге, парламент депутаттарына жөнөтүшкөн. Акимчиликке чогулган аялдар алардын каты ээлерине жетпегенин айтышты. Чогулгандар кат Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлигине кайра жөнөтүлгөнүнө нааразы болушууда.

Акимчиликте чогулгандар менен сүйлөшүү үчүн бийлик өкүлдөрүнөн эч ким чыккан жок. Мындан соң көп балалуу энелер Алматы экономикалык форуму өтүп жаткан Конгресс борборуна бет алышты.

Жергиликтүү басылмалардын билдиришинче, Алматы экономикалык форумунда Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаев сөз сүйлөйт.

Социалдык абалды жакшыртуу боюнча көп балалуу энелердин талаптары февралда жер тамдан чыккан өрттөн беш бир тууган кыз күйүп кеткенден кийин күч алды. Жапырт нааразылык акциялары өтүп жаткан учурда ал кездеги президент Нурсултан Назарбаев өкмөттү отставкага кетирген.

Апрелде президент Касым-Жомарт Токаев айына ар бир балага 21 миң теңге жөлөк пул чегерүү боюнча аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоо жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Өлкөнүн ар кыл аймактарында көп балалуу энелер социалдык жардам алуу үчүн документ топтоо кыйынчылыктар менен коштолуп жатканына даттанышкан.

Пикир

Оставить комментарий