• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Туристтик операторлор ассоциациясынын мүчөсү: Көпчүлүк туристтерди кыргыздардын жашоосу кызыктырат

Коом 0

Бишкек, 15.05.21. /Кабар/. Кыргыстанда туризмди өнүктүрүү үчүн КРнын «Туризм жөнүндө» жана «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына толуктоолорду киргизүү керек. Бул тууралуу «Кыргызстан туризм өлкөсү» форумунун жүрүшүндө Кыргызстан туристтик операторлор ассоциациясынын мүчөсү Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, туристтерди Кыргызстанда э нерсе кызыктырат:

- кыргыз элнин маданияты, каада-салты жана үрп-адаты;

- көз жоосун алган жаратылышы.

«Көпчүлүк туристтер кыргыздардын жашоосу, атап айтканда туристтер үчүн боз үй лагери кызыктырат. Бирок азыркы учурда лагерлерде ыңгайлуу эс алуу үчүн шарттар жетишсиз. Биз жакшы шарттарды түзүп, боз үй лагерлерин жогорку ыңгайлуулук менен камсыздашыбыз керек»,-деди ал.

Мындан тышкары, Калашникова көйгөйлөрдү чечүү үчүн КРнын мыйзамдарына толуктоолорду киргизүү зарыл экенин айтты.

Пикир

Оставить комментарий