• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кудайбергенов ЕРӨБдүн Борбор Азия боюнча аймактык директору менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 01.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбор Азия боюнча аймактык директору болуп жакында дайындалган Айтен Рустамова менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар биргелешкен “Бишкек шаарындагы катуу тиричилик калдыктарын башкаруу тутумун жакшыртуу”, “Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү”, “Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын калыбына келтирүү” долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.

Калаа башчысы Айтен Рустамованы кызматка дайындалышы менен куттуктап, кесиптик ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий