• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

23-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 19-январдан 23-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

19-23-январларда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда түнкүсүн Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. 22-январда күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 23-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23 -январларда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

19-январда жаан-чачын күтүлбөйт. 20-январда кар жаашы күтүлөт.

21-январда жана 22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда күндүз, 23-январда түнкүсүн жана эртең менен мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 23-январда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда күндүз жана 23-январда түнкүсүн 14 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-январларда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

19-январда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-январда түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

21-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

22-январда күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-январларда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

21-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-январда күндүз жана 22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-январда күндүз жана 23-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 22-январда күндүз жана 23-январда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда күндүз жана 23-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23 -январларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

19-январда жана 20-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-январда күндүз кар жаашы күтүлөт.

21-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

22-23-январларда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда күндүз жана 23-январда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

19-23-январларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

19-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

21-январда жана 22-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-январда күндүз жана 23-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

23-январда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-январда күндүз жана 23-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий