• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кумтөр” боюнча мамкомиссия арбитраждык сотто Кыргызстандын атынан чыгат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 17.05.21. /Кабар/. “Кумтөр” алтын кенинин ишмердүүлүгүн изилдеген мамлекеттик комиссия ишти 2021-жылдын күзүнө чейин узартууну пландоодо. Бул тууралуу Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын иши компаниядан дооматтарды алууда өкмөткө жардамбере алгыдай уланышы керек.

“Азыр арбитраждык процесстер башталды. Биз бардык кагаздарды даярдадык. Биздин юристтер парламент эл өкүлү катары арбитраждык процесстерге катышуусун сунуштоодо. Өкмөт жана мамлекеттик органдар процесстин катышуучулары болот, ал эми парламент юриспруденция боюнча жарандардын өкүлү болуп саналат. Баса, биздин 4 жараныбыз биринчи соттон жеңип чыгышты, калган соттор дагы адилеттүү болот. Алар бизди арбитраждык сотто көрсөтүшөт”, - деди Жапаров.

Мындан мурда Жапаров кыргыз тараптын «Центерра Голд» компаниясына дооматы 4,2 млрд долларды түзө турганын билдирген.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин 2021-жылы 17-февралдагы токтому менен “Кумтөр” алтын компаниясынын ишмердүүлүгүн изилдөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн. Кийин анын макамы мамлекеттик болуп өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий