• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөрдө абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок - "КГК"

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/ "Кумтөр голд компани" ЖАК ишканасы кызматкерлеринин массалык түрдө иштен кеткени тууралуу ушак кептерди четке какты.

Компания социалдык тармактарда ишкананын беделин түшүрүүгө жана анын ишмердүүлүгүнө шек келтирүүгө багытталган ушак-айың кептерге байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирет:

“Теңиз Бөлтүрүк менен президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулаймановдун жана Кумтөрдүн жумушун таштоого ниеттенип жатат делинген кызматкерлери менен жолугушуу болгон жок. Абал тынч, эч кандай иш таштоо болгон жок жана баардыгы штаттык режимде иштеп жатат. Учурда кендин директору Кубанычбек Молдобеков менен подряддык уюмдардын жетекчилеринин ортосунда актуалдуу маселелер боюнча жыйын өтүүдө.

Таратылган маалыматка жоопкерчилик менен мамиле жасап, аныктыгын текшерүүнү суранабыз".

Пикир

Оставить комментарий