• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Курман айтты белгилөөнүн так күнү айтылды

Коом 0

Бишкек, 02.08.19. /Кабар/. Кыргызстанда Курман айт 11-августта белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта 2-август Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 11-августта белгилешет деп айтылат.

Мусулмандардын эң чоң майрамдарынын бири Курман айт Орозо бүткөндөн кийин 70 күндөн кийин болот. Ай календарына ылайык, жыл сайын 10 күн айырма менен белгиленет. Майрамдын аталышы араб тилинен которгондо “курмандык чалуу майрамы” дегенди билдирет. Бул майрамда мусулмандар кой, уй же төөнү союшуп, дасторкон даярдашып, бири-бирин коноктошот.

Пикир

Оставить комментарий