• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкек мэриясы: Кут конушуна кошумча электр чубалгылары тартылат

Коом 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Кут конушунда кошумча 1 чакырым электр чубалгылары узартылып, 30дан ашык мамылар орнотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ошондой эле 630 кВ кубаттуулуктагы эки трансформатордук көмөкчордондор Сокулук райондук бөлүштүрүүчү зонага техникалык тейлөөгө өткөрүлөт.

Муниципалитеттен белгилешкендей, жумуш учурларын талкуулоо үчүн Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байсов Сокулук РЭСинин башчысы Руслан Каримовдун, Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 7 күндүн ичинде керектүү иштерди аткаруу милдети коюлду.

Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын өткөргөн сынакка ылайык, "Бишкекэлектр" ЖАК подрядчы болуп тандалган.

Белгилей кетсек, учурдагы 3 трансформатордук көмөкчордон колдо болгон кубаттуулуктан ашыкча иштеп жатат, буга байланыштуу кошумча 2 көмөкчордон орнотулуп, жакында кошулат.

Маалымдама: Кут конушу Бишкектен 19 чакырым алыстыкта жайгашкан, 600 кожолук, калкы 2 миң адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий