• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кувейт инвестициялык компаниялары Кыргызстан менен кызматташууну активдештирүүгө даяр

Өкмөт 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кувейт инвестициялык компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Юсуф Мухаммад Абдуллах Аль-Али башында турган Кувейттин делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кувейттин ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө өлкөнүн учурдагы социалдык-экономикалык абалы, калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу жана экономиканы өнүктүрүү боюнча өлкө жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берилди.

Негизинен, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Түштүк-Чыгыш Азия менен Европанын, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдүн ортосундагы товар алмашууну тездете турган трансконтиненталдык темир жолдун курулушунун башталганына токтолду.

Эдил Байсалов эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кувейттеги мамлекеттик жана жеке компаниялардан инвестиция тартууга кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде Кувейт инвестициялык компаниясынын башкармалыгынын төрагасы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий