• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жакында жогорку кызматтагы чиновниктер кармалат – Ташиев

Коом 0

Бишкек, 26.05.23. /Кабар/. Жакынкы күндөрү каржы тармагындагы жогорку кызматтагы чиновниктер кармалат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына маек берип жатып билдирди.

"Жакында элдин акчасын колунда кармап, бирок аны башка максаттарга жана натыйжасыз жумшаган каржы тармагындагы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлерди кармап, катаал жоопко тартабыз", - деди ал.

Ташиев өлкөдө коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталганын, мындан ары коррупция менен кармалгандардын бардык мүлкү конфискацияланып, өзү түрмөгө кетерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий