• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өкмөт утилдештирүү жыйымдарын киргизүү менен кагаз пакеттерин колдонууга өтүүнү сунуштоодо

Өкмөт 0

Бишкек, 03.10.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жөнөттү.

Бул мыйзам долбоор айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана полимер менен пластикалык материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктардын калдыктарынынын көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкты.

Мындан тышкары долбоордо утилдештирүү жыйымдарын киргизүү менен кагаз пакеттерин колдонууга өтүү жана өлкөнүн ички рыногунда полимердик жана пластик пакеттерди сатууда жана/же импорттоодо аларды Кыргыз Республикасында утилдештирүү үчүн төлөмдөрдү киргизүү дагы камтылган.

Учурда Кыргыз Республикасында полимердик жана пластик материалдардан жасалган таңгактоочу баштыктар күнүмдүк турмушта көп колдонулууда, андан кийин катуу тиричилик калдыктар таштандыларынын аймагына чогулат. Бул баштыктардын экономикалык жактан пайдасыз болуп жатканын эске алганда , аны сорттоонун кажети жок, ал айлана-чөйрөнүн булганышына таасирин тийгизет.

Полимердик жана пластик пакеттердин курамынын өзгөчөлүгүнөн улам, алар дээрлик табигый климаттык факторлордун таасири менен жок болбойт, ал эми аларды өрттөө айланы чөйрөгө диоксин жана фуран сыяктуу өзгөрбөс органикалык булгоочу заттарды бөлүп чыгарат. Бул «Өзгөрбөс органикалык булгоочу заттар жөнүндө” Стокгольм конвенциясына ылайык, айлана-чөйрө жана калктын саламаттыгы үчүн кооптуу деп таанылган.

Киргизүүгө сунушталып жаткан утилдештирүү жыйымдары утилдештирүүдөгү эмгектин сарпталышынын, наркынын жана экологиялык зыяндардын ордун толтурууга багытталат. Жыйымдар экологияга келтирилген зыяндарды жок кылууга мүмкүндүк берүүчү капиталды борбордук топтоо үчүн республикалык бюджетке жөнөтүлөт.

Утилдештирүү жыйымдарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 28-июнундагы №2532-VI “Кыргызстан - жашыл экономика өлкөсү” концепциясын бекитүү жана жашыл экономика принциптерин Кыргыз Республикасына киргизүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун алкагында Кыргыз Республикасында калдыктарды жүгүртүү системасын өнүктүрүү пландалууда.

Кыргыз Республикасын ушул мыйзам долбоорун кабыл алууда республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдар керектелбейт. Бул колдонуудагы мыйзамдардын ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республика

Пикир

Оставить комментарий