• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиз Аалиев: Калк ичүүчү таза суу менен камсыз болушу керек

Өкмөт 0

Бишкек, 04.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, коллегиянын алкагында ведомствонун 2021-жылга ишинин жыйынтыгы жана үстүбүздөгү жылга пландары каралды.

Өткөн жылы республикалык бюджеттен 2 749,4 млн сомго каржыланган 109 объектинин курулушу жана капиталдык ремонту бүткөрүлгөн, анын ичинде 48 мектептин жана алар үчүн спорт залдарынын, 844 орундуу 10 бала бакчанын, 320 орундуу 4 оорукананын, 2 маданий объектинин, 1 спорт объектисинин, 19 калктуу конуштагы 13 суу менен камсыздоо обьектилеринин, 7 башка объектинин курулушу, ошондой эле 24 объектинин капиталдык ремонту жыйынтыкталган.

Баткен облусунда Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарынын инфраструктуралык объектилерин калыбына келтирүү жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу максатында 8 социалдык объектинин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери бүткөрүлгөн.

Азиз Аалиев ведомствого жүктөлгөн бир катар артыкчылыктуу милдеттерди белгиледи.

«Министрлер кабинети Баткен облусунун социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө чоң көңүл бурат. Өткөн жылы бир катар объектилерди куруу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлдү. Бул ишти быйыл да улантуу зарыл. Аймактардагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыздоо маселеси социалдык-экономикалык маселе. Бул курч маселени чечүүгө комплекстүү мамиле жасап, зарыл болгон учурда донорлордун кошумча каражаттарын тартуу маселелерин иштеп чыгуу зарыл. Калк ичүүчү таза суу менен камсыз болушу керек. Иштин бул участогу график боюнча өз мөөнөтүндө жана жогорку сапатта жүргүзүлүшү керек. Экинчи маанилүү маселе – республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыз кылуу», - деди ал.

Министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдү үлүштүк куруу маселесинде жарандардын кызыкчылыгын коргоону караган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана КР президентинин администрациясына киргизүү, калктуу конуштардын башкы планын иштеп чыгуу, курулуш иштеринин сапатын жана аны көзөмөлдөө талаптарын жогорулатуу тапшырмаларын берди.

Пикир

Оставить комментарий