• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз дарыгерлеринин Түркияда боорго операция жасоо боюнча тажрыйба алуусу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. 2020-жылдын 14-15-январында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Ѳмүралиевдин Малатия шаарына иш сапары болуп ѳттү.

Сапардын алкагында элчи Кубанычбек Ѳмүралиев Иненю атындагы Университеттин ректору Ахмет Кызылай менен жолугушуп, аталган университеттин ооруканасынын жана китепканасынын иш-аракеттери менен таанышты. Элчи ректор Ахмет Кызылай менен бооруна операция жасалган кыргызстандык эки кичинекей бейтаптан кабар алышты.

Тараптар Кыргызстандагы дарыгерлердин боорго операция жасоо боюнча тажрыйба алуу максатында университеттик ооруканада стажировка ѳтүү жана академиялык кызматташтык боюнча эки тараптуу протоколго кол коюуну максатка ылайык деп макулдашышты.

Маалымат катары: Малатия шаарынын Иненю атындагы Университети (Түркиянын 2-чи Президенти) – Түркиянын чыгышындагы ири жогорку окуу жайы, 1975-жылы ачылган. Иненю атындагы Университет Түркиядагы жогорку 40 мыкты университеттердин тизмесинде жана "Европалык университеттердин бирикмесинин" (EUA) мүчөсү болуп саналат. Университеттеги мугалимдердин жана башкаруу кадрларын саны 5700, студенттердин саны - 45 миӊди түзөт.

Университетте оорукана иш алып барат жана боорду алмаштыруу боюнча Европада 1-чи орунда, дүйнѳдө 2-чи орунда турат. Ооруканада 2002-2006-жылдары боорду алмаштыруу боюнча 22 операция, ал эми 2019-жылы 277 операция жасалган. Медициналык тармактагы профессорлордун саны 130.

Пикир

Оставить комментарий