• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз дыйкандарына чехтер жардам берет

Коом 0

Бишкек, 27.09.22./Кабар/. Айыл чарба багытында дыйкандар үчүн өтө пайдалуу жана кызыктуу долбоор старт алды.

Чехия тарап каржылаган «Carboneg» долбоору талааларда жана жайыттарда регенеративдүү жер иштетүү ыкмасын колдонуу менен топурак кыртышынын асылдуулугун жогорулатууга багытталган. Бул ыкма аркылуу акыркы учурларда кунардуулугу кескин төмөндөп кеткен топурак кыртышы табигый абалына кайтып, кургакчылыкка, нөшөрлөгөн жаандарга чыдамдуулугу артат жана жердин түшүмдүүлүгү жогорулайт.

Кыргызстандан 80 миң гектар жайыт жана айдоо аянттары долбоорго кирип, 1 миңден ашуун жеке дыйкан чарбалары долбоор кызматынан пайдалана алышат.

Долбоордун аткарылышына кыскача токтолсок: Чүй облусуна караштуу жайыттардан жана айдоо аянттардан 80 миң гектар жер тандалып алынып, ал жерлерден топурак анализдери алынат. Топурак анализдеринин чыгымын толук Чехия тарап көтөрөт. Анализдер Кыргызстандын “Гипрозем” мекемесинин лабораторияларында алынат.

Регенеративдүү ыкмада жер иштетүү жаатындадонорлор тарабынан дыйкандарга семинарлар, тренингдер өтүлөт. Күзүндө ошол эле жер аянттары жана жайыттардан кайрадан топурак анализдери алынат. Топурак составында көмүртектин көбөйгөнүнө жараша, дыйкандарга ар бир гектарына 70 долларга акча каражаты төлөнүп берилет.

Долбоор топурактын асылдуулугун арттырууга, органикалык айыл чарбасы жаатында дыйкандарга билим берүүгө багытталган.

Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы халал-индустрияны өнүктүрүү борборунун демилгеси менен министр Данияр Амангелдиев жана анын орун басары Айнура Усенбековага жолуккан «Carboneg» долбоорун ишке ашырып жаткан чехиялык жана жергиликтүү адистер жолугушуу иштиктүү жана аябай пайдалуу болгондугун баса белгилешти.

Андан соң алыскы Чехиядан ат арытып келген Вацлав мырза дыйкандарга семинар өттү.

Дүйнөгө таанымал адис кыргызстандык дыйкандарда жана айыл чарба жаатындагы жетекчилерде долбоорго болгон кызыгуу өтө чоң экендигине кубанып, иш сапардын ийгиликтүү болгонуна аябай кубангандыгын билдирди.

Андан сырткары, Вацлав мырза баштаган чехиялык адистер Суусамырдын жайлоолорун кыдырып, топурак анализдерин алышты. Ошондой эле Чүй облусундагыЖайыл жана Ысык-Ата райондорунун дыйкандары, айыл чарба адистери менен семинар-жолугушуу өткөрүштү. Адистерге жергиликтүү дыйкандар тарабынан көптөгөн суроолор берилип жатты. Мунун өзү долбоор фермерлер арасында чоң кызыгуу жараткандыгын айгинелеп турду.

Буга чейин айыл чарба багытында өтө көптөгөн долоорлор иштеген. Бирок алар окутуу менен гана чектелгендиктен, дыйкандардын эсинде калган, пайдасы тийген долбоорлор саналуу эле.

Чехтер каржылап жаткан долбоор окутуу менен гана чектелбестен, практикалык жагы да эске алынып, дыйкандарга каржылык жардам бергени менен да баалуу. Бул долбоор ийгиликтүү ишке ашып кетсе, Орто Азия чөлкөмү үчүн жакшы үлгү болуп калат, жана ушул сыяктуу долбоорлордун мындан ары уланышына негиз болуп берет дешти европалык адистер.

Пикир

Оставить комментарий