• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-герман кызматташтыгынын абалы жана келечеги талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 26.02.21. /Кабар/. Күн мурун, 25-февралда Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Бундестагдын депутаты, Германиянын Социал-Демократиялык партиясынын (SPD) тышкы саясат боюнча спикери Н.Шмид менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы ар кандай тармактардагы эки тараптуу кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө жетишилген натыйжаларга жана эл аралык уюмдардын алкагында Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык мамилелерди жана Кыргызстан менен Баден-Вюртемберг Федералдык жеринин ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий