• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Тотуяев Пакистан ТИМнин Протоколунун башчысы Али Хайдер Алтафкага ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9-августунда Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Протоколунун башчысы Али Хайдер Алтафка тапшырды. Бул тууралуу КР ТИМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин протоколунун башчысы Тотуяевди Кыргызстандын Пакистандагы элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, ийгилик каалады.

Элчи У.Т отуяев Кыргызстан менен Пакистандын тыгыз тарыхый жана маданий байланыштарын, Кыргыз Республикасынын эки тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий