• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүй жана Ысык-Көлдө 10 күн ичинде 1,2 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Жайкы туристтик сезон учурунда Жол кыймылынын оопсуздугун камсыздоо жана жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу максатында Чүй жана Ысык-Көл облустаруна кошумча күч иретинде жөнөп кетишкен Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 28-июлдан 8-августка чейин жалпысынан 1 миң 236 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган.

Алардын ичинен;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 33;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 5;

- айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу - 13;

- коопсуздук курун тагынбаган айдоочулар - 893;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 282. Ал эми 35 унаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.

"Азыркы учурда Чүй жана Ысык Көл облустарыын аймактарына бөлүнгөн милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн күзөт ордуларында күнү-түнү кызмат алып барууда", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий