• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто УКМК кызматкерлерине жаңы салынган батирлердин ачкычы тапшырылды

Саясат 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. 2018-жылдын 17-ноябрында КР президенти Сооронбай Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Ош облусунун Ош шаарында УКМК кызматкерлерине жаңы салынган батирлердин ачкычы тапшырылды.

Бул иш-чарага КР коргонуу кеңешинин катчысы Д.Сагынбаев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашев, коопсуздук органдарынын жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

КР коргонуу кеңешинин катчысы Д.Сагынбаев өз сөзүндө мамлекет тарабынан бардык аймактардагы күч структураларынын кызматкерлеринин социалдык абалына өзгөчө көңүл бөлүнөрүн белгиледи.

Андан кийин кызматкерлерге жаңы турак-үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды.

Бул турак-үйдөн УКМК кызматкерлеринен 49 үй-бүлө өздүк батирлерге ээ болду.

Муну менен катар КР президентинин түздөн-түз колдоосу менен УКМК кызматкерлерине Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында дагы турак-үйлөрдү куруу аяктап, тапшыруу белгиленип жатат.

Пикир

Оставить комментарий