• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-италия кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгү белгиленди

Саясат 0

Бишкек, 08.05.21. /Кабар/. Кечээ, 7-майда Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Италиянын тышкы иштер жана эл аралык кызматташуу министринин орун басары Манлио Ди Стефано менен онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Нуран Ниязалиев акыркы жылдары эки тараптуу байланыштарды активдештирүү жана саясий байланыштарды чыңдоо тенденциясын канааттануу менен белгиледи. Буга байланыштуу, тараптар жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу, инвестиция, салык салуу, билим берүү, маданият жаатында мыйзамдык базаны өркүндөтүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу маселелерин талкуулашты.

Соода-экономикалык байланыштарды чыңдоонун жана диверсификациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Н.Ниязалиев италиялык делегацияны 2021-жылдын октябрында Бишкекте өтө турган Европа Биримдиги – Борбордук Азия экономикалык форумуна катышууга чакырды.

Министрдин орун басары Ди Стефано өз кезегинде Кыргызстандын Италиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн ачылышын кубаттады жана эки тараптуу байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдар экендигин билдирди. Анын айтымында, 2021-жылдын сентябрь айынан тарта Венгриянын Бишкектеги элчилиги аркылуу Италия Республикасына виза берүү башталат.

Тараптар өз ара кыргыз-италия кызматташтыгын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы окуяларбоюнча, италиялык тарапка кыргыз тараптын бул окуягаболгон мамилеси көрсөтүлүп, Кыргызстандын чыр-чатактуу маселелерди чечүүдө тең салмактуу саясий жана дипломатиялык ыкмаларга берилгендиги баса белгиленди.

Министрдин орун басары Ди Стефано кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, италиялык тараптын чыр-чатактан кийинки мезгилде колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий