• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бүгүн Индия премьер-министри Модинин КРга расмий визити болот

Саясат 0

Бишкек, 14.06.19. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны тар жана кеңири курамдарда өтөт, жыйынтыктары боюнча бир катар документтерге кол коюлат.

Ошондой эле бүгүн, 14-июнда күндүн экинчи жарымында Индия Премьер-министри Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий визити болот. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуулар тар жана кеңири курамдарда өтөт.

Мындан тышкары, Нарендра Модинин Кыргыз Республикасына расмий визитинин алкагында кыргыз-индия бизнес-форуму болот.

Пикир

Оставить комментарий