• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Тышкы иштер министрлигинде биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды

Саясат 0

Бишкек, 27.07.23. /Кабар/. Тышкы иштер министрлигинде ведомство башчысы Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы астында министрликтин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы ишинин жыйынтыгы боюнча коллегиянын отуруму өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, коллегияда тышкы иштер министри 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын дипломатиялык кызмат органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктарын, мамлекет башчысынын тапшырмаларынын аткарылышын, анын ичинде 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасында жана министрлер кабинетинин тиешелүү иш-чаралар планында белгиленген артыкчылыктуу багыттарды ишке ашырууну белгиледи.

Отурумдун жүрүшүндө 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын бардык органдары эл аралык жана регионалдык кырдаалдын курчушу уланып жаткан кыйла татаал шарттарда иш жүргүзгөндүгү баса белгиленди.

Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү менен аймактык кызматташтыкты илгерилетүү, алдыңкы союздаштар жана өнөктөштөр менен саясий диалогду жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча конкреттүү келишимдерге жетишүү Тышкы иштер министрлигинин ишинин негизги жыйынтыктарынын бири болду.

Жалпысынан коллегия мүчөлөрү биринчи жарым жылдыкта бийик жана жогорку деңгээлде 67 визит жана иш-чара иштелип чыкканын, анын ичинде Кыргызстандагы чет мамлекеттердин жогорку даражалуу өкүлдөрүнүн катышуусу менен 33 жана Кыргызстандын делегацияларынын чет мамлекеттерге 34 иш сапары иштелип чыккандыгын билдиришти. Отчеттук мезгилде кол коюуга 179 эл аралык келишим даярдалган (анын 85и – эки тараптуу жана 94ү – көп тараптуу).

Коллегиянын отурумунда Тышкы иштер министрлигинин күн тартибиндеги эң маанилүү маселелер боюнча активдүү ишти улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Саясий багытта бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарлар пландалып жатканы айтылды.

Экономикалык дипломатияны илгерилетүү жагынан министрлик Кыргызстандын тармактык министрликтери жана ведомстволору менен бирдикте өкмөттөр аралык комиссияларды, бизнес-форумдарды өткөрүү, өнүктүрүү фонддорун ишке киргизүү, соода үйлөрүн ачуу ж.б.у.с. иштерди улантат. Ошону менен бирге, Тышкы иштер министрлигинин ишинин эң маанилүү бөлүгү болуп Кыргызстандын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселеси калууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Тышкы иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Кыргызстандын чет мамлекеттердеги өкүлчүлүктөрүнүн ишине баа берилди.

Пикир

Оставить комментарий