• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Болот Отунбаев элчи болсо ишти биринчи кезекте эмнеден баштаарын айтты

Саясат 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын АКШадгы элчи кызматына талапкер Болот Отунбаев өз кызматында биринчи кезекте эмне жумуш аткараары тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине айтып берди.

Анын айтуусунда, Америка Кошмо Штаттарында чындыгында жумуш абдан көп.

Биринчи кезекте Отунбаев АКШ жана Кыргызстан ортосундагы экономикалык жана техникалык кызматташуу тууралуу жаңы Келишимдин үстүндө иш алып бараарын айткан.

“Тилекке каршы 2015-жылы Кыргызстан менен АКШ экономикалык жана техникалык жактан кызматташуу тууралуу Келишимди үзгөн. Азыр америкалык тарап бизге жаңы долбоорду сунуштаган, учурда ал добоор өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн министрлик жана ведомстволордун кароосуна берилген. Ал долбоор баардык өзгөрүүлөр менен өкмөттүн аппаратына келип, аны толук иштеп чыгуу тапшырмасы берилген. Бул базалык келишим болуп, анын негизинде эки тараптуу кызматташууну курабыз. Аталган келишим өзүнө гуманитардык жардамды да камтыйт. Биз экономикалык жагына көңүл бурабыз”, - деп билдирди Отунбаев.

Ошондой эле Отунбаев кылмышкерлерди өлкөгө кайтаруу боюнча да иш алып барууга ниет кылууда.

Пикир

Оставить комментарий