• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркиянын тышкы иштер министри Бишкекке расмий сапар менен келди

Саясат 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Кыргызстанга расмий визит менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин сүйлɵшүүлɵрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Биргелешкен стратегиялык пландаштыруу тобунун 4-жыйыны болуп ɵтɵт. Ошондой эле Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглунун Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушуулары пландаштырылган.

Алдыда боло турган жолугушуулардын жана сүйлɵшүүлɵрдүн жүрүшүндɵ саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары ɵнүктүрүү жана бекемдɵɵ боюнча мурда жетишилген келишимдерди, кыргыз-түрк мамилелери үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо пландаштырылууда.

Түрк кеӊешинин алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин ортосунда кызматташтыкты кеӊейтүү жана аталган эл аралык уюмдун күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болот.

Пикир

Оставить комментарий