• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Анкарадагы Гази университетинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган көргөзмө уюштурулат

Саясат 0

Бишкек, 29.05.21. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарындагы Гази университетинин ректору Муса Йылдыз менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө ректор Муса Йылдыз университеттин ишмердүүлүгү, ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана университеттин башка түрк университеттеринин арасында рейтинги жөнүндө маалымат берип, 7-орунда экенин билдирди.

Ал студенттердин, анын ичинде Кыргызстандан келген студенттердин статистикасын келтирди. Анын маалыматы боюнча, 30 жыл ичинде аталган окуу жайда Кыргызстандан 106 студент билим алып, алардын 12си учурда билим алууда.

Ошондой эле тараптар Гази университети менен кыргыз университеттеринин ортосунда достук мамиле түзүүнү, анын ичинде университетте билим алып жаткан кыргыз студенттеринин санын көбөйтүү жөнүндө макулдашышты.

Ал эми элчи Өмүралиевдин сунушу менен университеттин имаратында Кыргызстандын тарыхына, маданиятына жана кооз жерлерине арналган, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын майрамдоо алкагында сүрөт-көргөзмөсүн уюштуруу жөнүндө макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий