• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору каралды

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Астана шаарында 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын демаркациялоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору кыргыз-казак мамлекеттик чек араларын делимитациялоо боюнча эл аралык укуктук документтерге ылайык, жер-жерлерде чек ара белгилерин (мамыларды) орнотууга байланышкан коомдук мамилелерди ишке ашырууга багытталган.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек араларынын демаркацияланган тилкесинин узундугу 1257,07 чакырымды түзөт. Бардыгы болуп Тараптар 1055 чек ара мамысын орнотушкан, анын ичинде негизгилери 537, анын ичинен кыргыз Тарабы – 264, казакстан Тарабы – 273; орто аралык чек ара мамылары – 518, алардын ичинен кыргыз Тарабы – 258, казакстан Тарабы – 260 мамы орноткон.

“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” мыйзамды аткаруу үчүн келишимге кол коюлганга чейин ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, ошондой эле 2015-жылы КР Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер боюнча, Коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттери менен макулдашылып КР Президентинин 2017-жылдын 22-декабрындагы № 14 тескемеси менен жактырылган.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий