• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-орус биргелешкен заводун куруу маселеси даярдалууда - президент

Президент 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Кыргызстанда автобустарды, электробустарды жана жүк ташуучу унааларды кураштыруу боюнча кыргыз-орус биргелешкен заводун куруу маселеси даярдалууда.. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мындан тышкары Кыргызстанда жакынкы убакта бульдозерлерди, электромобилдерди, брондолгон автомобилдерди жана учкучсуз учуучу аппараттарды кураштыруу башталат.

"Белгилүү болгондой, Айдаркен сымап жана Кадамжай сурьма комбинаттары көп жылдан бери иштебей турган. Алар боюнча чукул чечимдер кабыл алынып, азыркы учурда жандандыруу процесстери жүрүп жатат жана миңдеген жумуш орундарынын түзүлүүсү күтүлүүдө. Майлуу-Суу лампа заводунда жаңы өндүрүш линиялары ишке кирди", - деп кошумчалады президент.

Пикир

Оставить комментарий