• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-орус тасмасын Торонтодо көрсөтүшөт

Маданият 0

Бишкек, 08.09.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз-орус “Сулайман-Тоо” тасмасын Канаданын Торонто шаарында өтүп жаткан 42чи эл аралык кинофестивалда көрсөтүшөт. Иш чара 7нен 17-сентябрга чейин болот. Бул тууралуу kyrgyzcinema сайтында маалымдалат.

Фестивалдын алкагындагы “Ачылыш” (Открытие) программасында Елизавет Стишовдун “Сулайман-Тоо” толук метраждуу тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Тасма Ош шаарында тартылган.

Торонтодо өтүп жаткан эл аралык кинофестиваль эң ири фестивалдардын бири болуп саналат. 2007 жылы 19чу программанын алкагында конкурска 4 миң 156 кинолента көрсөтүлүп, алардын 349 тандалып алынган (55 өлкөдөн).

Пикир

Оставить комментарий