• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз парламенти 80 жылдыгын белгилөөдө

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз парламентинин 80 жылдык мааракесине карата «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференция өтүп жатат.

Аталган мааракенин кадырлуу коноктору катары КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков, мурунку президент Роза Отунбаева, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева, дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана кеченин күнөөкөрү болгон Жогоку Кеңештин депутаттары катышууда.

Салтанаттын ачылышында Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган кыргыз парламентинин 80 жылдык маарекесине арналган даректүү фильм көрсөтүлүп, хроникалык фотосүрөт көргөзмөсү тартууланды.

Андан кийин КРнын гимни ырдалып, сөз өлкөнүн жетекчилерине берилди.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине 80 жыл: мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүнө талдоо жана анын келечеги» темасындагы илимий-практикалык конференциянын алкагында бир катар илимий баяндамалар жасалып, олуттуу пикирлер айтылат.

Конференциянын жыйынтыгында резолюция кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий