• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-россия кызматташтыгын тереңдетүү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гулнара-Клара Самат Россиянын сенатору, Россиянын Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Баир Жамсуев менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилгинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушууда тараптар кыргыз-россия кызматташтыгын, анын ичинде парламенттер жана аймактар аралык кызматташтык аркылуу тереңдетүү боюнча пикир алмашты.

Сүйлөшүү учурунда сенатор эки мамлекеттин парламентарийлери Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи. Буга байланыштуу сенатор сентябрда өткөн РФ Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоосунун жыйынтыгы боюнча, КР Жогорку Кеңеши менен РФ Федералдык Жыйынынын ортосундагы Кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын россия тараптан жаңы курамы түзүлөрүн билдирди.

Г.-К.Самат өз кезегинде маектешине өлкөдөгү ички саясий абал жана ушул жылдын 28-ноябрында боло турган КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо тууралуу маалымат берди. Буга байланыштуу элчи россиялык парламентарийлердин эл аралык байкоочу катары бул шайлоого активдүү катышуусуна үмүт артарын билдирди.

Мындан тышкары, элчи Россиянын бийлигинин өкүлдөрүнүн Кыргызстандын жарандарына туура жана урматтоо мамилесинин маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жолугушуунун аягында тараптар Кыргызстан менен Россиянын элдеринин ортосундагы достук мамилени сактап калуу зарылдыгы тууралуу өз пикирлерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий