• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда 2 миң 106 мектепке интернет киргизилген — Маалыматтык технологиялар комитети

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда 2 миң 106 мектепке интернет киргизилген. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, 4G интернети республика боюнча 438 айыл аймагында жеткиликтүү болгон жана 1,5 миңден ашык айылдарда жайылтылган.

"Өлкөдө жалпы 2 миң 137 мектеп иштесе, анын ичинен 2 миң 106сына интернет туташтырылган. Ошондой эле 451 айыл өкмөтүнө интернет орнотулган. Анын 287си булалуу-оптика байланыш линиялары аркылуу, 164ү башка технологиялар менен туташтырылган", - деди Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий