• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканы белгилүү болду

Аймак 0

Бишкек. 22.05.19 /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы тиреш көрүстөндүн айынан чыкканы белгилүү болду. Чыр Баткен районуна караштуу Карабак айылына жакын жерде болгон.

Кыргыз чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 22-майында Баткен районуна караштуу Карабак айылынын Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөнгө кечээ сөөгү коюлган жарандык тууган-уруктары куран окуп эскерүүгө келишкен.

Ошол учурда Тажикстандын чек ара кызматы келип Кыргызстандын жарандары менен ооз эки кайым айтышуу орун алган. Кыргыз жарандары болсо тажик чек арачыларынын ал жерден кетүүсүн талап кылышкан.

Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү, жолугушуу учурунда Кыргызстандын жарандары өз алдынча тажик чек арачылары жүргөн багытка аң каза башташкан. Өз учурунда тажик чек арачылары асманга эскертүү катары бир ок атышкан.

Азыркы учурда Кыргызстан жана Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Ошону менен бирге жергиликтүү жашоочуларга чек арачылар тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө, алар болсо өз учурунда ал жерге бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилери келишин талап кылышууда.

Эскертип кетсек, Эски Мазар жерлигиндеги көрүстөн шарттуу түрдөгү мамлекеттик чек арадан 150 метр алыстыкта Тажикстандын аймагында жайгашкан.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын тарамдары кырдаалды көзөмөлдөп турушат.

Пикир

Оставить комментарий