• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Кыргыз темир жолунун" мурдагы кызматкери мамлекетке 11,7 млн сом төлөп, үй камагына чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.21. /Кабар/. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы мамлекетке келтирилген чыгымды толук төлөгөндөн кийин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти (УКМК).

Буга чейин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан "Кыргыз темир жолунун" Түштүк бөлүмүндө мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу жана жүргүзүүдө коррупциялык схема аныкталган.

"Кыргыз темир жолунун" Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы Ю.Б.К. тарабынан мамлекеттик сатып алууларды гана эсепке алганда мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 11,7 млн сомду түзгөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ю.Б.К. кармалып, Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө абагына 2021-жылдын 14-февралына чейин камалган.

Ошол эле учурда тергөө иштеринин жүрүшүндө Ю.Б.К. коюлган күнөөнү моюнуна алып, мамлекетке келтирилген 11 млн 700 миң сом өлчөмүндөгү зыянды төлөгөн. Анын баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий