• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Техникалык паспорт 2017-жылдын декабрь айынан бери берилбей келет – күбө

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.02.20 /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 11-февраль күнү Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Отурумда күбөлөрдөн сурак берүүсү уланууда. Учурда Элебаева №2 көчөсүндөгү үйдүн жашоочусу сурак берди.

"2017-жылдын ноябрь айында батирди алмаштырууну чечтик. Эски турак үйдү жаңыга алмаштыруу боюнча жарнама көрүп калып, ал үйгө бардык. Батирди көрүп, сүйлөшө баштадык. Жаңы батир 75 миң доллар турду. Бизге техникалык паспортту бере албагандыктан ортодо тиешелүү келишим түзүлгөн. Бизге паспортту бир айдан кийин беребиз дешкен, бирок бир айдан кийин батир камакка алынды. Ошондон бери батир камакка алынгандыктан техникалык паспорт берилбей келет". - деди ал.

Ал белгилегендей, жаңы батир үчүн алар эски батирден тышкары, автоунаасын жана акча беришкен. Ошондой эле батирдин аянты болжол менен 30 чарчы метрге кичине болуп чыккан.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Ага тагылган айыптоодо, Жаркеева судья болуп жүргөн кезде атайылап, кылмыштык топтун кызыкчылыгын көздөп жана курулуш компаниянын мүлкүн ээлеп калуу максатында бир катар мыйзамсыз соттук чечимдерди кабыл алганы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий