• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “2017-жылдын 5-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы кыргыз-өзбек Мамлекетик чек арасы жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 28-сентябрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты Кыргыз Республикасы менен Өзбек Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек аранын сызыгы өтүшүн тактоо жана аныктоо болуп саналат.

Бул Макулдашуунун жоболору менен кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын

1 170, 53 километри сыпатталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий