• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте мансард тибиндеги турак үйдүн чатыры күйүп кетти

Коом 0

Бишкек, 02.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте мансард тибиндеги турак үйдүн чатыры жана үй эмеректери күйүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрт 1-сентябрда саат 18:00 чамасында Бишкектеги Ленин районунун Үч-Терек туюк көчөсүнүн 22-дарегинде катталган. Өрттөн турак үйдүн 120 чарчы метр чатыры, жылуулук кармоочу айнек пахтасы менен пенопласт ички жасалгасы, ОСБ жыгач тосмосу, жыгач полу, 3 даана пластик терезе, 3 даана диван, 3 даана жыгач эшик, шкаф күйгөн.

Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Тилсиз жоо менен күрөшүүгө КР ӨКМнин 3 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Пикир

Оставить комментарий