• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Билим берүү министрлигинин делегациясы иш сапары менен Кытайда болду

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. 2024-жылдын 1-4-февралында Кыргызсандын билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жетектеген кыргыз делегациясы иш сапары менен Кытайга болушту. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында кыргыз делегациясы Шэньчжень шаарында болуп, анын санариптештирүү тажрыйбасы жана санариптик технологиялар рыногу менен таанышты.

Кыргыз делегациянын курамында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев жана К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору Гүлзат Исаматова бар.

Пикир

Оставить комментарий