• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Кыргызавтожол" Нарын облусундагы ашуулардагы абал боюнча маалымат берди

Коом 0

Бишкек, 17.02.24. /Кабар/. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасы 17-февралга карата Нарын облусундагы ашууларда жана унаа жолдорундагы каттам боюнча маалымат берди.

Ишкананын маалыматына караганда, облустун аймагындагы бардык ашууларда тазалоо иштери жүрүп жатат. Алсак:

- Нарын-Орук-Там унаа жолун жана 22-чакырымына 150м3 кар көчкү түшүп, №8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан мехпогрузчик менен тазалоо иштери жүрүп жатат;

- Сары-Булак - Арчалы - Оруктам унаа жолунун 50-145 км аралыгында 15см кар жаады, Жалак-Бел, Ак-Таш ашууларында шамал, бороон болуп, кар күрткү пайда болгон. Азыркы учурда №14 ЖТИ тарабынан автогрейдер менен тазалоо иштери жүрүүдө;

- Нарын - Баетов, Баетов - Макмал, Акталчат - Казарман унаа жолдору №15 ЖТИ тарабынан автогрейдер жана механикалык жүктөгүч менен тазаланып жатат.

- Түндүк-Түштүк альтернативдук унаа жолунда №18 ЖТИ тарабынан 1 даана хово унаасы менен кулап түшкөн таштарды тазалоо иштери жүрүп жатат;

- Казарман - Акталчат унаа жолунун 18-23чм Ак-Союл участкасында көлөмү 600м3 кар көчкү түшүп толук тазаланды, 42-44 км аралыгында кар көчкү түшүп 1 даана бульдозер ,1 даана механикалык жүктөгүч иштеп жатат. Көчкүнүн көлөмү 2600 м3 түздү.

- Казарман - Акталчат унаа жолунун 45-99 км чейин жана Кара-Гөө ашуусу убактылуу жабылды.

- Чар - Ак-Муз унаа жолунда автогрейдер менен тазалоо иштери жүрүп Ат-Башы - Кында - Торугарт унаа жолун мех.жүктөгүч менен тазалоо иштери жүрүп жатат. Жеринде №20 ЖТИ иштөөдө;

- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Кызыл-Бел ашууларында 1 даана КДМ, 1 даана хово, 1 даана автогрейдер менен карды тазалоо иштери жүрүп жатат. Он-Арча Эчки-Башы унаа жолуна 150м3 кар көчкү түшүп, мех.жүктөгүч менен тазалоо иштери жүрүп жатат, каттам бар. Жеринде №41 ЖТИ иш алып барууда;

- Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 210-271 км аралыгына тайгака каршы инерттик материалдарды себүү иштери жүрүп жатат. Кок-Мойнок-Кувакы унаа жолунун 0-26 км аралыгында кум-туз аралашмасы хово а/с КДМ техникасы менен себилди. Дежурство бар, каттам ачык. Жеринде №955 ЖТИ иш алып барууда;

Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун Түз-Бел, Ак-Бейит ашууларында шамал, бороон катуу болууда, азыркы учурда КДМ иштеп жатат. Чар бөлүгүндө №957 ЖТИ тарабынан автогрейдер менен карды тазалоо иштери жүрүүдө, кардын калыңдыгы 10-15см чейин. Баардык унаа жолдордо каттам бар, дежурство бар.

Пикир

Оставить комментарий