• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ – президент

Президент 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык алтай конференциясынын ачылышына катышууда.

Өз сөзүндө ал аталган аянтчанын элдердин биригүүсүндөгү маанилүүлүгүн белгилеп, Берлин университетинин түркология институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкелеге алтай элдеринин демилгелеринин идеяларын колдогону үчүн ыраазычылыгын билдирди.

“Алтаист-окумуштуулардын талыкпаган эмгегинин натыйжасында эл аралык аянтча эл аралык институтка айланды. 2007-жылдан баштап аталган уюмдун башкы катчысы болуп Берлин университетинин түркология институтунун директору Барбара Кельнер-Хайнкеле иштеп келет. Ал ушул күнгө чейин ушул көз карашта иштеп келе жатат”, - деди ал.

Ошондой эле президент бардык алтаист-окумуштууларга, былтыркы жана быйылкы конференциялардын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.

“Жыл сайын өтүүчү эл аралык конференция алтаист-окумуштууларга акыркы илимий ачылыштарды талкуулоого, Алтай цивилизациясынын мурасын, маданиятын, жана тилдерин өздөштүрүүгө, башка окумуштуулар менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түзүп берет. Кыргыздар үчүн Алтай темасы символикалуу мааниге ээ. Биздин улуу Манас баатырыбыздын Алтайда туулгандыгы тууралуу маалымат ар бир кыргыздын жүрөгүнө жылуу сезим тартуулайт”, - деп белгиледи президент.

Ал конференция окумуштууларга өздөрүнүн ачылыштары жана пикирлери менен бөлүшүүгө жакшы мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий