• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыздын Ак калпагы белгилүү интернет–дүкөндө сатылууда

Коом 0

Бишкек, 20.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Дүйнөдөгү ири Amazon.com интернет-дүкөнүнөн кыргыздын Ак калпагын сатып алууга болот.

Ак калпактын баасы 25тен 40 долларга (АКШ) чейин болот.

Сатыкка коюлган калпак кайсыл жактан жана кандай кездемеден жасалгандыгы кеңири жазылган. Мисалга “жүндөн колго жасалган баш кийим – калпак. Кыргыз кол өнөрчүлөрү чыгарган салттуу баш кийим эркектерге арналган, ак, орточо”.

Amazon.com - белгилүү америка компаниясы, интернет аркылуу ар кандай товарларды сатып алууга болот.

Ак калпак – эркектерге арналган, кыргыздын баш кийими.

Пикир

Оставить комментарий