• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Унааңызды бак басып калса эмне кылуу керек? – Бишкек шаарынын мэриясынын жообу

Коом 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Кечээ Бишкекте калың жааган кардан улам 60тан ашык бак кулап, сынган бутактар, кулаган бактар 18 автоунаа басып калган.

Бишкек шаарынын мэриясы автоунаага бак, бутак кулаган учурда эмне кылуу керектиги тууралуу айтып берди.

Унааны жылдырбастан жана бакка (бутактарга) тийбестен төмөндөгү тартипте иш кылуу керек:

1) Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына билдирүү керек – 102;

2) "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлерин чакыруу зарыл –0770 830006;

3) Милициянын кайгуул кызматы протокол толтуруп, унаанын туура же туура эмес коюлганын көрөт. Ал эми "Бишкек жашылдандыруу" ишканасынын кызматкерлери бакты карап, ал эмнеден кулаганын аныктайт;

4) Бардык текшерүүлөр катталып, акт жана протокол жарандын өзүнө берилет;

5) Андан кийин айдоочу күнөөлүү тарапты жана келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо үчүн КР Жарандык кодексинин зыяндын ордун толтуруу беренеси боюнча сотко кайрыла алат.

Ошол эле учурда шаардык мэрия жаратылыш кубулуштары бизге көз каранды болбогон (форс-мажор) жагдайларга кирерин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий