• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстан - Бахрейн. Футбол беттеши кайсы жерде түз көрсөтүлөт (шилтеме)

Спорт 0

Бишкек, 12.10.23. /Кабар/. Бүгүн, 12-октябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Бахрейнге каршы жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюн Бишкек убактысы боюнча саат 22:00до Манама шаарындагы "Аль-Муккарак" стадионунда өтөт.

Бүгүнкү оюндун түз алып берүүсү Kyrgyz Sport TV каналынын Megaline, Aknet и Neotelecom кабелдик түйүндөрүндө, андан тышкары Fan Zone TV платформасында жеткиликтүү болот.

Эске салсак, Штефан Тарковичтин командасы 8-октябрдан тарта Бахрейнде окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп келе жатат. Аталган жыйын кураманын 2026-жылы Дүйнө чемпионатына жана Азия Кубогу-2023гө болгон даярдыктын алкагында өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий