• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Чүй облусунда “Кара-Булак” тоо жарым марафону өтөт

Спорт 0

Бишкек, 13.09.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Чүй облусунда 23-сентябрда III “Кара-Булак - 2017” тоо жарым марафону өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Жарым марафон “Кашка-Суу” лыжа базасынан “Кара-Булак” эко-курортуна чейин болот. Жолдун жалпы узундугу 21 км 97 м

Уюштуруучулардын айтымына караганда, чуркоо жолу татаал ошондуктан бул өз күчү жана туруктуулугун сыноо үчүн спортчуларга жакшы мүмкүнчүлүк.

Бул ирээт мелдеш веложарыш менен коштолот.

Жарым марафон –Кыргызстан, АКШ, Германия, Австралия жана Казакстандын спортчуларын өзүнө тартып турган эл аралык иш чара.

Пикир

Оставить комментарий