• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан элчилиги Бакуда шайлоо участогун ачат

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.08.17 /Кабар/. Азербайжанда жашап же убактылуу жүргөн кыргыз жарандары Бакудагы шайлоо участогуна барып, президенттик шайлоодо өз добуштарын бере алышат. Бул тууралуу бүгүн "Trend" агенттигине КРнын Азербайжандагы элчилигинен кабарлашты.

Президенттик шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында болот.

Бардыгы болуп Азербайжанда катталган шайлоочулардын саны 52 адам.

Азербайжанда жашаган кыргыз жарандары үчүн шайлоо тилкеси Кыргызстандын Бакудагы имаратында жайгашкан. Дареги: Баку ш, Хатаин району, Нобелев проспектиси 23, “Амай” соода борбору, 7-кабат, 11-бөлмө.

Пикир

Оставить комментарий