• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 36 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 36 миң 100 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 587 жаңы учур катталды. Ал эми 607 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 6 бейтап каза болду.

Өлкөдө 15-августтан тартып карантиндик чектөөлөр жумшара баштады. Ташкентте коомдук транспорт, анын ичинде метро, ошондой эле региондордун ортосундагы аба, авто жана темир жол байланыштары өз ишин жандантты.

Өлкөдө коронавирустан 31 миң 580 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 240 бейтап каза болду. 4 миң 280 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 593 адамдын абалы оор болсо,178инин абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий