• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 42,6 миң адамдан ашты

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 03.09.20. /Кабар/. Өзбекстанда COVID-19 коронавирустук инфекциясын жуктургандардын саны 42 миң 635 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Өлкөдө сутка ичинде коронавирусту жуктурган 265 жаңы учур катталды. Ал эми 219 бейтап илдеттен айыгып, ооруканадан чыгарылса, 5 бейтап каза болду.

Өлкөдө 4-сентябрдан тарта мечиттердин иштөөсүнө уруксат берилди, ал эми 5-сентябрдан тарта кинотеатрлар, сейил бактар, ошондой эле карантиндик коопсуздук чараларын так сактоо менен коомдук тамактануу жайлары (кафе, ресторан, ашкана жана чайканалар) өз ишин жандантат.

Өзбекстанда коронавирустан 39 миң 883 адам айыкты. Ал эми коронавирус жуктурган 331 бейтап каза болду. 2 миң 421 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 365 адамдын абалы оор болсо, 176сынын абалы өтө оор.

Пикир

Оставить комментарий